# 61-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун ишин токтото туруу жана токтотуу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 61-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-61

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун уставына ылайык уюмдун мүчөлөрү кабыл алган чечимдин негизинде өзүнүн ишин токтотууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары өзүн өзү жөнгө салуучу уюм тарабынан бузулган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укугу бар:

- аныкталган укук бузуулар ал тарабынан четтетилгенге чейин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөткө, бирок 3 айдан ашык эмес өзүн өзү жөнгө салуучу уюмга уруксатты колдонушун токтото турууга;

- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмга берилген уруксатты кайра алууга.

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмуна карата көрүлгөн чаралардын себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-62)
