# 60-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун милдеттери

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223431..1223423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 60-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-60

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн мүчөлөрү кетирген тартип бузуулар жана аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарлоого;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн иши жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө.

2. Өзүн өзү жөнгө салуучу уюм баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын ичинде анын кызматкерлерине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча алардын иш-милдеттерин аткарышына көмөктөшүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-61)
