# 6-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан жеке кызыкчылыктары бар экени жөнүндө маалыматтын ачылышы

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 6-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-6

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери алардын Кыргыз Республикасында же анын чегинен сыртта жүргүзүп жаткан ишкердигиндеги, Кыргыз Республикасында же анын чегинен сыртта чыгарылган баалуу кагаздардагы ар кандай жеке кызыкчылыктарын ачып берүүгө милдеттүү. Жеке кызыкчылыктарды ачуу жеке кызыкчылык пайда болгон күндөн баштап 2 иш күндүн ичинде ишке ашырылат.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар маселелерди кароого жана/же алар боюнча чечим чыгарууга катышпоого тийиш.

3. Эгер каралып жаткан маселенин предмети баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин жакын тууганы же аффилирленген адамы болсо, кызматкер же анын жакын тууганы же кызматкердин аффилирленген адамы акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээлик кылган юридикалык жак болсо, же башка финансылык кызыкчылыгы бар болсо, анда анын жеке кызыкчылыгы бар деп таанылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-7)
