# 59-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223431..1223423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 59-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-59

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык иштөөчү кесиптик уюм болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын бирикмеси.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан түзүлгөн уюм баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаттын негизинде өзүн өзү жөнгө салуучу статуска ээ болот. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмунун статусун алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму 5тен кем эмес мүчө болгон учурда түзүлөт.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму:

- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелерин жана ички ченемдик документтерин, анын ичинде милдеттүү тартиптик кодексти, уюмга анын уставы, мүчөлүк эрежелери жана ички ченемдик актылары жүктөгөн ар кандай ыйгарым укуктарына ылайык мүчөлөрүнүн аткаруусун иликтейт;

- уюмдун мүчөлөрүн окутат жана сертификациялоону жүргүзөт;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен болгон талкууларда өзүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөтөт;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тапшырылган милдеттерди аткарат;

- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ушул Мыйзамды аткарууга карата кабыл алынган башка милдеттерди аткарат.

3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өзүн өзү жөнгө салуучу уюму өзүнүн ишин белгилүү бир мөөнөткө чейин же белгисиз бир мөөнөткө чейин жүзөгө ашырат.

4. Өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелерине ылайык аныкталат.

Өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун эрежелери, ошондой эле аларга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-60)
