# 57-берене. Фондулук биржанын маалыматын ачып берүү жана анын отчеттуулугу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223431..1223423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 57-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-57

---

1. Фондулук биржа ар кандай кызыкдар жактарга төмөндөгүдөй маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү;

- баалуу кагаздар рыногунда фондулук биржа тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоонун расписаниесин;

- фондулук биржанын котировалдык баракчасына кирген баалуу кагаздардын тизмеси, ошондой эле алардын эмитенттеринин отчеттуулугу жана башка маалыматты;

- фондулук биржадагы бүтүмдөр жөнүндө маалыматты;

- фондулук биржанын индексинин маанисин;

- фондулук биржанын ички документтерин.

2. Фондулук биржада түзүлгөн ар бир бүтүм жөнүндө бардык кызыкдар жактарга төмөндөгүдөй маалымат берилет:

- бүтүмдү түзүүнүн күнү жана убактысы;

- бүтүмдүн предмети болуп эсептелген баалуу кагаздардын аталышы;

- баалуу кагаздын бирөөнүн баасы;

- баалуу кагаздардын саны.

3. Фондулук биржа сатыкка катышуучулар үчүн баалуу кагаздар сатыгына киргизилген сатыктардын расписаниеси, баалуу кагаздардын котировкалары, сатык сессияларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Фондулук биржа өзүнүн Интернет-бетинде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө келтирилген маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-58)
