# 56-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун отчеттуулугу жана маалыматты ачып берүү

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2021 [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223433..1223434>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 56-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-56

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензия алууда көрсөтүлүүчү документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билдирүүгө;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча зарыл болгон, мыйзам тыюу салбаган маалыматты берүүгө.

Алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан башка убакта жарыя кылынбоого тийиш.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу бир жылдык жана кварталдык отчет формасында маалыматты мезгилдүү түрдө ачып берүүгө милдеттүү, анын курамында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квартал үчүн финансылык отчеттуулугунда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маалыматтар камтылышы керек.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун финансылык отчету бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-57)
