# 55-берене. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларга маалыматтарды ачып бериши

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223431..1223423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 55-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-55

---

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өзүнүн кардарына анын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маалыматты ачып берүүгө;

- кардарга баалуу кагаздар жана алардын эмитенти тууралуу (баалуу кагаздар рыногундагы коммерциялык жана кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматтан башка) бардык маалыматты баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү түзүүгө карата буйрукту алган учурда тааныштырууга мүмкүндүк берүүгө;

- өзүнүн кардарына аталган кардардын буйругу боюнча финансылык инструменттер менен болгон бүтүмдөрдү жүргүзүү процессинде кызыкчылыктардын чыр-чатагы пайда болгон фактылар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабарлоого;

- өзүнүн кардары түзүүгө ниеттенген финансылык инструменттер менен болуучу бүтүмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген чектөөлөр жана өзгөчө шарттар жөнүндө кабарлоого;

- өзүнүн кардарына анын талабын аткаруудан баш тартуунун себебин түшүндүрүүгө;

- кардарларга эмитенттен алынган жана жайылтууга арналган маалыматтарды жеткирүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө жана тартипте лицензиаттын ишине тиешелүү маалыматты кардарларга ачып берүүгө.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-56)
