# 52-берене. Баалуу кагаздар рыногунда иштин кесипкөй түрлөрүн айкалыштыруу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 52-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-52

---

1. Инвестициялык фонддун иши баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштердин башка түрлөрү менен айкалыштырылышы мүмкүн эмес.

2. Баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштин төмөнкү түрлөрүн айкалыштырууга жол берилет:

- брокердик иш, дилердик иш жана инвестициялык ишенимдүү активдерди башкаруу боюнча иш;

- депозитардык иш, клирингдик иш жана баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу иши.

- депозитардык иш жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш.

3. Эгерде бир эле юридикалык жак тарабынан кесипкөй иштин бир нече түрү айкалыштырылганда, алардын ар бирин жүзөгө ашыруу үчүн бул юридикалык жак тийиштүү лицензияга (клирингдик иштерди кошпогондо) жана өзүнчө бир структуралык бөлүктөргө ээ болууга тийиш.

4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагында катталган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши ушул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-53)
