# 51-берене. Баалуу кагаздар рыногунда сатыкты уюштуруу боюнча ишти жана депозитардык ишти жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына кошумча талаптар

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223431..1223423>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 51-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-51

---

Баалуу кагаздар рыногунда сатыкты уюштуруу боюнча ишти жана депозитардык ишти жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына кошумча талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- реалдуу мезгил режиминде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат берүүнү камсыздоо үчүн тиешелүү операциялык эрежелердин жана техникалык потенциалдын болушун;

- сатыктар процессинде катышуучулардын жана катталган субъекттердин ишин көзөмөлдөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү чараларды, ошондой эле алар фондулук биржанын талаптарын аткарууну камсыздоочу чараларды;

- алдамчылык аракеттерди болтурбоо жана баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары тарабынан тиешелүү операциялык эрежелерди сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү максатында баалуу кагаздар рыногунда көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон тиешелүү талаптарды жана ыйгарым укуктарды аныктоочу ички документтерди;

- кесиптик ишти жүзөгө ашырууга, клирингге жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу үчүн жетиштүү каражаттардын (механизмдердин) болушун;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [502-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-502)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-52)
