# 5-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 5-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-5

---

1. Баалуу кагаздар рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, жөнгө салынчу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү, инвесторлордун укуктарынын корголушун камсыздоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткаруучу мамлекеттик башкаруу органы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-6)
