461-берене. Улуттук депозитарий
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Улуттук депозитарий - ушул Мыйзамга ылайык "Улуттук" статусу ыйгарылган депозитарий.
Акционердик коомдордун ишин жөнгө салуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн акционердик коом гана Улуттук депозитарий боло алат. Улуттук депозитарий артыкчылыктуу акцияларды чыгара албайт. Улуттук депозитарийдин акцияларын күрөөгө коюуга тыюу салынат.
2. Улуттук депозитарийдин статусу баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана бардык зарыл болгон лицензиялык талаптарга жооп берген юридикалык жакка ыйгарылышы мүмкүн.
Улуттук депозитарийдин статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарылат. Улуттук депозитарий тарабынан баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жана ички документтери - Улуттук депозитарийдин эрежелери менен белгиленет.
3. Улуттук депозитарийдин уставдык капиталы 2000000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болууга тийиш. Улуттук депозитарийдин өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгүнүн ченемдери (коэффициенттери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Уставды өзгөртүү, анын ичинде уставдык капиталды көбөйтүү, азайтуу, Улуттук депозитарийди кайра уюштуруу жана жоюу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу талап кылынат.
4. Улуттук депозитарийге олуттуу катышууну алууга ушул Мыйзамдын 41-беренесинин жоболору жайылтылат.
5. Баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу жактар Улуттук депозитарийдин добуш берүүгө укук берүүчү акцияларынын 50 пайызынан ашыгынын тике же кыйыр түрдө ээси боло албайт же болбосо Улуттук депозитарийге иш жүзүндө же келишим менен бекитилген олуттуу таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт.
6. Улуттук депозитарийдин кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишти жүзөгө ашыруучу уюм;
2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде баалуу кагаздар рыногунда дилердик ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар;
3) чет өлкөлүк депозитарийлер, кастодиандар жана/же финансылык инструменттердин номиналдык кармоочулары болуп саналган депоненттер;
4) фондулук биржанын мүчөлөрү болуп саналган чет өлкөлүк дилерлер жана/же башка юридикалык жактар;
5) номиналдык кармоо жөнүндө келишимдин шарттарына жана Улуттук депозитарийдин эрежелерине ылайык ушул жактардын айрым реквизиттерин ачпастан, депонент тарабынан берилген маалыматтардын негизинде, Улуттук депозитарийди эсепке алуу системасында субэсептер ачылган жактарды кошпогондо, депоненттердин кардарлары;
6) ишкер мамилелерди белгилөө жол-жобосунан өткөн башка жеке жана юридикалык жактар.
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук депозитарийдин ишин көзөмөлдөө жана контролдоо тартибине талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
461-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябры № 732 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 29.10.2026 · № 732 · Күчүнө кире элек
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-461" title="461-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>