# 46-берене. Депозитарий жана депозитардык иш

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 04.07.2022 [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 46-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-46

---

1. Бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга арналган, ошондой эле бул баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу же менчик ээси менен келишимдин негизинде (депозитардык келишим) бүтүмдөрдү жасоодон улам алынган, баалуу кагаздарга карата укуктарды каттоо жана (же) өткөрүп берүү, сактоо жана (же) баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу жана алардын башкаларга өтүшү боюнча иш депозитардык иш деп таанылат.

Депозитарийдин баалуу кагаздарды сактоо жана/же баалуу кагаздарга болгон укукту эсепке алуу боюнча кызматтарынан пайдалануучу жак депонент деп аталат. Депозитарий депозиттердин баалуу кагаздарды инвестициялоо үчүн арналган акча каражаттарын, баалуу кагаздарды сатуудан алынган акча каражаттарын, ошондой эле депозиттин депозитарийинде сакталган баалуу кагаздары боюнча киреше түрүндө алынган акча каражаттарын сактоого жана эсепке алууга укуктуу. Депозитарий тарабынан коммерциялык банкта ачылган (ачылуучу) өзүнчө банктык эсепте (эсептерде) акча каражаттарын сактоону депозитарий жүзөгө ашырат. Баалуу кагаздар рыногунун депозитардык ишин жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Кыргыз Республикасынын аймагындагы депозитарийлердин системасы өзүнө Улуттук депозитарийди жана депозитарийлерди камтыйт, алардын иштөө тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.

Ар бир депозитарий мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана лицензияны алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте Улуттук депозитарийде корреспонденттик эсеп ачууга тийиш. Депозитарийлер Улуттук депозитарийдеги алардын корреспонденттик эсептеринде суммалык эсепке алынуучу өз депоненттеринин эсептериндеги документсиз баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жүргүзөт.

2. Депозиттик келишимди түзүү депоненттин баалуу кагаздарына менчик укугу депозитарийге өтүшүнө алып келбейт. Депозитарийдин депоненттин акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өз алдынча тескөөгө жана ушул баалуу кагаздарга бекитилген укуктарды жүзөгө ашырууга укугу жок. Депозитарийдин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу депоненттердин баалуу кагаздарына багытталышы мүмкүн эмес.

Кардарлардын акча каражаттары жана баалуу кагаздары депозитарийдин өздүк менчик активдеринен өзүнчө түрдө эсепке алынат жана депозитарий банкрот болгон же ыктыярдуу жоюлган учурда жоюлуучу массага киргизилбейт.

3. Депозитарий баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлеринде баалуу кагаздар боюнча номиналдуу кармоочу катары катталууга укуктуу.

4. Кардарлардын баалуу кагаздары менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн түшкөн акчалай каражаттар депозитарийдин кирешеси болуп эсептелбейт.

5. Депозитарий баалуу кагаздарды өткөрүп берүү жөнүндөгү буйрукка ылайык жана бардык жактар үчүн бирдей болгон бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу бар. Депозитарий бүтүмдүн көлөмүнөн пайыз түрүндө бүтүм боюнча төлөм акысын тараптардан алууга укугу жок.

6. Депозитарий депозиттик келишимди аткарбагандыгына же туура эмес аткарылгандыгына байланыштуу депонентке зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Депозитарийдик иштерди жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык клиринг боюнча иш-милдеттерди аткарууга укуктуу.

8. Өз ара милдеттенмелерди (баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча маалыматтарды жыйноо, салыштырып текшерүү, оңдоо жана алар боюнча бухгалтердик документтерди даярдоо) жана баалуу кагаздарды берүү боюнча кошуп эсептөөнү жана алар боюнча эсептешүүлөрдү аныктоо боюнча иштер клиринг боюнча иш-милдеттер деп таанылат.

9. Депозитарийлер баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсептешүүлөргө байланыштуу алар үчүн белгиленген тартипте эсептөөлөр жүргүзүүчү баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары менен алардын келишимдеринин негизинде өз ара милдеттенмелерди аныктоодо даярдалган бухгалтердик документтерди аткарууга кабыл алат.

10. Депозитарий (анын ичинде чет өлкөлүк депозитарий жана/же номиналдык кармоочу) глобалдык депозитарийдик тил каттарга карата төмөнкүлөр үчүн жооп бербейт:

1) катталган адамдар жана депоненттер тарабынан ага маалымат берилбегендигинин натыйжасында ага маалымат бербөөгө;

2) катталган адамдар жана депоненттер тарабынан ага берилген маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-45)  
Кийинки берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-461)
