# 45-берене. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223425..1223426>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 45-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-45

---

(Берененин аталышы КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин, анын ичинде пенсиялык активдерин ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши деп таанылат.

2. Кардардын инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши башкаруучу компаниянын кардарынын кызыкчылыгында киреше алуу максатында сый-акыга башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге акча инвестициялоо тууралу чечимдерди кабыл алуу;

2) инвестициялык активдерди башкаруу процессинде жөнгө салынуучу субъекттер менен өз ара иштөөсү;

3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү;

4) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу.

4. Башкаруучу компания кардарлардын активдеринин менчик ээси болуп эсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкаруучу компаниянын кардарларынын мүлкүнөн обочолонгон болушу керек.

5. Башкаруучу компания кардарлардын инвестициялык активдерин жана алар менен операциялардын эсебин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, инвестициялык активдерди башкаруучу башкарууда турган эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге карата аларды пайдалануу жана тескөө боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

7. инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

8. Башкаруучу компания банкрот жана ыктыярдуу жоюлган учурда башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активи башкаруучу компаниянын жеке активинен өзүнчө эсепке алынат жана жоюлуучу массага кошулбайт.

Башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активине өндүрүп алууну салууга жол берилбейт. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-46)
