# 44-берене. Дилер жана дилердик иш

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 44-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-44

---

1. Мындай ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан жарыяланган баалар боюнча, ошондой эле жарыяланган баалар колдонулуучу мөөнөттүн ичинде белгилүү бир баалуу кагаздарды сатып алуу жана/же сатуу милдеттенмеси менен андай баалуу кагаздарды сатып алуунун жана/же сатуунун бааларын жарыялоо менен баалуу кагаздарды өзүнүн атынан жана өз эсебинен сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо дилердик иш деп таанылат.

Баалуу кагаздардын рыногунда дилердик ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучу дилер деп аталат. Дилер келишим түзүүдөн баш тарткан учурда ага мындай келишимди мажбурлап түзүү жөнүндө жана/же кардарга келтирилген зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө доо коюлушу мүмкүн.

2. Дилер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кардарларга, анын ичинде потенциалдуу кардарларга дилердин ар кандай финансылык кыйынчылыктары жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө;

- эсепке алуу регистрлерин жүргүзүүнүн жана ички отчеттуулукту түзүүнүн ички жол-жоболорун жана эрежелерин бекитүүгө.

3. Эмитент өзү болуп эсептелсе, дилер баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-45)
