# 43-берене. Брокер жана брокердик иш

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 43-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-43

---

1. Тиешелүү келишимдин негизинде иш аткаруучу агент же комиссионер катары баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү брокердик иш деп таанылат.

Брокердик ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу брокер деп аталат.

2. Брокер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарынын жана акчалай каражаттарынын эсебин алууга жана алар менен операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

Кардарлардын акчалары жана баалуу кагаздары брокердин менчик активдеринен өзүнчө эсепке алынат жана брокер банкрот болгондо же ыктыярдуу жоюлууга туш болгондо ликвидациялык массага киргизилбейт.

3. Брокер депозитарийдеги өзүнүн кардарларынын баалуу кагаздарына болгон укуктарын эсепке алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокерлер же брокерлердин депозитарийлери тарабынан ачылган коммерциялык банктардагы кардарлардын айрым эсебиндеги (эсептериндеги) акчалардын сакталышын камсыз кылат. Брокердин кардарларынын депозитарийде же коммерциялык банкта турган активдерине брокердин милдеттенмелери боюнча жаза колдонулбайт.

4. Брокер өзүнүн кардарына тескери маалымат берүүгө акысы жок жана кардардын инвестициялык чечимине таасир этүүчү, кардардын жана брокердин, ошондой эле брокердин аффилирленген же байланышкан адамынын кызыкчылыктарынын ортосунда чыр-чатак пайда кылуучу кандай гана маалымат болбосун ага жеткирип турууга милдеттүү.

5. Брокерге кардарга таандык баалуу кагаздарды кардардын жазуу жүзүндөгү буйругу жок кардардын атынан сатып алууга же сатууга же өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Брокер өзү алган же брокер тарабынан милдеттендирилген адамдын кардарлардан алынган буйруктарды буйрук берген кардарлардын ар биринин аты-жөнүн, буйруктардын жана анын келип түшүшүнүн убактысын көрсөтүү менен күн сайын эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү. Брокер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишимдин предмети болгон жана ачык жайгаштыруудан өткөн баалуу кагаздар жөнүндө кардарларга маалыматты ачып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

6. Брокер кардардын буйруктары келип түшкөн тартипте кардардын баалуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алмаштырууга карата буйруктарын аткарууга милдеттүү жана брокердин же аффилирленген жактын же брокердин байланышкан жагынын жеке буйруктарына караганда баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жүзөгө ашырууда кардардын буйруктарына артыкчылык берүүгө милдеттүү.

7. Эгерде буйрукту аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну пайда кылбаса, брокер кардардын буйруктарына түздөн-түз баш ийиши керек, бул учурда брокер анын буйругун аткарууга укугу жок экендигин кардарга кабарлоого милдеттүү.

8. Бир фондулук биржанын сатыгынын катышуучусу болуп эсептелген брокер башка фондулук биржалардын сатыгынын катышуучусу болууга укугу бар.

9. Брокердин жана анын кардарынын, эгерде брокер тарабынан тиешелүү тапшырма алынганга чейин кардарга маалымдалбаган, кызыкчылыктарынын чыр-чатагы ал тапшырма кардардын кызыкчылыктары үчүн зыян алып келүү менен аткарылган учурда, брокер зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте өзүнүн эсебинен толтурууга милдеттүү.

10. Эмитенти өзү болуп эсептелсе, брокер баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-44)
