# 391-берене. Квалификациялуу инвесторлорго арналган баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чектөөлөр

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223430..1223432>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 391-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-391

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актысында, баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде, ачык сунуштоонун шарттарында же баалуу кагаздарды чыгаруунун проспектинде баалуу кагаз квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы каралса, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары мындай баалуу кагаздардын квалификациялуу инвесторлор тарабынан гана сатып алынышынын мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун кызыкчылыктарында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан сатып алынган, квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздын рыноктук наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында инвестордо келип чыгуучу чыгашалар үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун алдында жоопкерчилик тартат.

Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу инвестор өзү жөнүндө же баалуу кагаздар рыногунун анын кызыкчылыктарында аракеттенген башка кесипкөй катышуучусу билдирген жалган маалыматтардын негизинде инвесторду квалификациялуу деп тааныса, ушул бөлүктө каралган жоопкерчилик келип чыкпайт.

3. Эгерде инвестор квалификациялуу инвестор болуп саналбаган же болбосо квалификациялуу инвестордун статусун жоготкон учурда, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу мындай инвесторго таандык болгон (же анын пайдасына ишенимдүү башкарууда турган) квалификациялуу инвесторлор үчүн арналган баалуу кагаздар менен аларды ажыратып берүү же тындыруу боюнча гана операцияларды өткөрүүгө укуктуу.

4. Квалификациялуу инвесторлор үчүн баалуу кагаздарды мураска алуу, ошондой эле жубайлар ажырашканда бирге топтогон мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында, жоюлган уюмдун мүлкүн бөлүштүрүүнүн натыйжасында жана күрөө предметине өндүрүп алууну жүгүртүүнүн жүрүшүндө күрөөнүн предметин өзүнө калтырууда аларды сатып алуу чектелбейт.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-39)  
Кийинки берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-392)
