# 37-берене. Баалуу кагаздарга карата менчик укугу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 37-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-37

---

1. Эмитент чыгарган бардык баалуу кагаздар баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу тарабынан реестрге катталууга тийиш. Баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу менен баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча келишим түзүшү керек.

2. Документтик эмес формадагы баалуу кагаздарга карата менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында - реестрди кармоочунун өздүк эсептериндеги жазууларда же депозитарийде баалуу кагаздарга карата укуктарды эсепке алуу учурунда депозитарийлердеги депо эсептериндеги жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.

3. Документтик баалуу кагаздарга карата ээлеринин укуктары баалуу кагаздар менен же депозитарийлердеги депо эсептери боюнча сертификаттар жана жазуулар менен (эгерде сертификаттар депозитарийге сактоого берилген учурда) күбөлөндүрүлөт.

4. Бир эле баалуу кагазга болгон менчик укугу бир эле мезгилде баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде да, жана депозитарийдин депо эсеби боюнча да чагылдырылышы мүмкүн эмес.

5. Террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде) турган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү баалуу кагаздарга ээлик кыла албайт.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-367)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-38)
