# 365-берене. Жоюу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 365-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-365

---

1. Ислам атайын финансылык компаниясы төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарды жоёт же сатып алат:

1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) белгиленген учурларда;

2) контракттын шарттарында каралган учурларда;

3) Исламдык атайын финансылык компанияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда;

4) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын, инвестициялык агенттиктин сертификаттарын же өнөктөштүк сертификаттарын чыгарууда - инвестициялык долбоор аяктаган учурда.

2. Инвестициялык долбоор аяктады деп эсептелет:

1) инвестициялык долбоордун мөөнөтү бүткөн учурда;

2) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине (чыгаруунун шарттарында)ылайык.

3. Исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда оригинатор исламдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү акчанын суммасын Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдерине которот (өткөрүп берет).

Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар менен эсептешүүнү бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат. Ислам баалуу кагаздарын бөлүп берилген активдер же башка мүлк менен жоюу ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) каралган учурларда мүмкүн болот.

4. Оригинатор жоюлган учурда инвестициялык долбоорго катыштырылган кайсы болбосун мүлк исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылат жана сатуудан түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-364)  
Кийинки берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-366)
