365-берене. Жоюу
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 61-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Ислам атайын финансылык компаниясы төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарды жоёт же сатып алат:
1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) белгиленген учурларда;
2) контракттын шарттарында каралган учурларда;
3) Исламдык атайын финансылык компанияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
4) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын, инвестициялык агенттиктин сертификаттарын же өнөктөштүк сертификаттарын чыгарууда - инвестициялык долбоор аяктаган учурда.
2. Инвестициялык долбоор аяктады деп эсептелет:
1) инвестициялык долбоордун мөөнөтү бүткөн учурда;
2) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине (чыгаруунун шарттарында)ылайык.
3. Исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда оригинатор исламдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү акчанын суммасын Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдерине которот (өткөрүп берет).
Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар менен эсептешүүнү бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат. Ислам баалуу кагаздарын бөлүп берилген активдер же башка мүлк менен жоюу ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) каралган учурларда мүмкүн болот.
4. Оригинатор жоюлган учурда инвестициялык долбоорго катыштырылган кайсы болбосун мүлк исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылат жана сатуудан түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
365-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жоюу
1. алынып салынды: Оригинатор кошулду: Ислам атайын финансылык компаниясы төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарды жоёт же сатып алат:
1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) белгиленген учурларда;
2) контракттын шарттарында каралган … учурда;
2) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине алынып салынды: ылайык.
кошулду: (чыгаруунун шарттарында)ылайык.
3. Исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда … бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.
кошулду: Ислам баалуу кагаздарын бөлүп берилген активдер же башка мүлк менен жоюу ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) каралган учурларда мүмкүн болот.
4. Оригинатор жоюлган учурда инвестициялык долбоорго катыштырылган … үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 202 Мыйзамынын кошулду: 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-365" title="365-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>