# 363-берене. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууга карата талаптар

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 363-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-363

---

1. Исламдык ижаралык сертификаттар. Исламдык ижаралык сертификаттарды чыгаргандан кийин оригинатор активди (активдерди) исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарга карата сатуу-сатып алуу келишими боюнча эмитентке сатат. Андан кийин эмитент ижара келишиминин негизинде жана ижара акысы үчүн оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) бул активди (активдерди) ижарага берет. Эмитент ижара төлөмдөрүн исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын арасында бөлүштүрөт.

Исламдык ижаралык сертификаттар эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жоюлушу же сатып алынышы керек. Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) исламдык баалуу кагаздарды колдонуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмелер аткарылбаган учурлар келип чыкканда эмитенттен активди (активдерди) сатып алууга милдеттенет. Исламдык ижаралык сертификаттардын негизинде жаткан активдер финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек. Бул активдерди пайдалануу финансылоонун ислам принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек. Исламдык ижаралык сертификаттардын негизинде жаткан активдер үчүн эмитенттин төлөгөн баасы бул активдердин рыноктук наркын, калдыктын наркын же чыныгы наркын чагылдырышы керек.

2. Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары. Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент контракттын негизинде белгилүү бир активдерди өндүрүүгө оригинаторго ыйгарым укук берет. Эмитент активдерди өндүргөндүгү үчүн оригинаторго исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн каражаттар менен төлөйт.

Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттарынын негизинде жаткан актив (активдер) финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек. Тиешелүү долбоор аяктагандан кийин оригинатор эмитентке белгилүү бир активдерге карата укукту өткөрүп берет. Долбоор аяктагандан кийин тиешелүү актив (активдер) оригинаторго (же анын ишенимдүү адамына) ижара келишиминин негизинде жана ижара акысы үчүн ижарага берилет. Долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары эмиссиянын проспектине ылайык алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин жоюлушу же сатып алынышы керек. Оригинатор (же анын ишенимдүү адамы) исламдык баалуу кагаздарды колдонуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндө же милдеттенмелер аткарылбаган учурлар келип чыкканда активди (активдерди) эмитенттен сатып алууга милдеттенет.

3. Үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары. Үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент башкарууга карата келишимдин негизинде оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт. Оригинатор белгилүү бир бизнесте исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды башкарат, башкаруу финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак исламдык баалуу кагаздардан түшкөн эмиссиялык кирешелердин өлчөмүнө кепилдик бере алат. Исламдык баалуу кагаздар белгиленген мөөнөткө чейин жоюлушу керек, бирок жоюунун наркы бул кагаздардын негизинде жаткан бизнестин наркына жараша болот. Бизнестен түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык келген шарттарда бөлүштүрүлөт. Оригинатордун этибарга албоосунун, алдамчылыгынын же милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында зыян келтирилген учурда мындай зыяндын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.

4. Инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары. Инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттарын чыгаргандан кийин эмитент инвестициялык агенттиктин контрактынын негизинде оригинаторду өзүнүн инвестициялык агенти кылып дайындайт. Оригинатор исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды белгилүү бир иш-аракетке инвестициялайт, бул иш-аракет финансылоонун исламдык принциптеринин талаптарына (Шарият стандарттарына) ылайык келиши керек.

Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак исламдык баалуу кагаздардан түшкөн эмиссиялык кирешелердин өлчөмүнө кепилдик бере алат. Исламдык баалуу кагаздар белгиленген мөөнөткө чейин жоюлушу керек, бирок аларды жоюунун наркы бул кагаздардын негизинде жаткан инвестициялардын наркына жараша болот. Бизнестен түшкөн кирешелер ислам баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектине (чыгаруунун шарттарына) ылайык шарттарда бөлүштүрүлөт. Оригинатордун этибарга албоосунун, алдамчылыгынын же милдеттенмесин атайын аткарбагандыгынын натыйжасында зыян келтирилген учурда мындай зыяндын орду оригинатордун гана эсебинен толтурулат.

5. Исламдык өнөктөштүк сертификаттары. Исламдык өнөктөштүк сертификаттары чыгарылгандан кийин оригинатор инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу жана/же белгилүү бир башкаруучулук кызматтарды көрсөтүү үчүн мүлкүн жана/же акча каражаттарын салуу жолу менен белгилүү бир инвестициялык долбоорлорго катышат. Эмитент бул инвестициялык долбоорлорго исламдык баалуу кагаздарды чыгаруудан алынган каражаттарды салуу жолу менен катышат.

Оригинатор жана эмитент өнөктөштүк макулдашууну түзөт. Инвестициялык долбоорлордун пайдалары жана чыгашалары исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинин шарттарына ылайык эмитент менен оригинатордун ортосунда бөлүштүрүлөт. Оригинатордон башка кайсы болбосун үчүнчү жак эмитенттин инвестициялык долбоорго салымынын наркына кепилдик бере алат. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-362)  
Кийинки берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-364)
