362-берене. Исламдык баалуу кагаздардын түрлөрү
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 61-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
Кыргыз Республикасында эмитенттер төмөнкүдөй баалуу кагаздарды чыгарышы мүмкүн:
1) исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара), мында оригинатор эмитентке менчик укугун же белгилүү бир активдерди пайдалануу укугун берет, ал эми эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;
2) долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары (Сукук аль Истисна) -бул товарларды өндүрүүгө жазылуудан алынган каражаттарды пайдалануу максатында чыгарылган, наркы бирдей болгон сертификаттар, анын натыйжасында өндүрүлгөн товарлар ислам баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган сертификаттарды кармоочулардын менчигине өтөт;
3) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль Мудараба), мында эмитент белгилүү бир бизнесте эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт, ал эми пайда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда бөлүнөт;
4) инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), мында эмитент оригинаторду исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн агенти кылып бекитет;
5) өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары (Сукук аль Мушарака), мында эмитент жана оригинатор капиталын же активдерин белгилүү бир бизнеске салат жана оригинатор бул бизнести башкаруучу болуп дайындалат, мында бул бизнестен түшкөн пайдалар исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
362-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ал эми эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;
2) долбоордук алынып салынды: финансылоонун кошулду: каржылоонун исламдык сертификаттары (Сукук алынып салынды: ал Истисна), мында эмитент оригинаторго белгилүү бир активдерди кошулду: аль Истисна) -бул товарларды өндүрүүгө алынып салынды: ыйгарым укук берет, ал эми активдерди өндүрүү бүткөндөн кийин эмитент исламдык кошулду: жазылуудан алынган каражаттарды пайдалануу максатында чыгарылган, наркы бирдей болгон сертификаттар, анын натыйжасында өндүрүлгөн товарлар ислам баалуу алынып салынды: кагаздардын эмиссиясынын кошулду: кагаздарынын эмиссияларынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) баяндалган алынып салынды: шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди оригинаторго ижарага берет;
кошулду: сертификаттарды кармоочулардын менчигине өтөт;
3) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль Мудараба), … ал эми пайда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда бөлүнөт;
4) инвестициялык агенттиктин исламдык … оригинаторду исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн … пайдалар исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде кошулду: (чыгаруунун шарттарында) баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.
кошулду: (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-362" title="362-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>