# 361-берене. Исламдык баалуу кагаздардын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 202 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223428..1223429>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 361-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-361

---

1. Исламдык баалуу кагаздар эмитенттин белгилүү бир менчигиндеги же бизнесиндеги исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алардын инвестицияларына пропорционалдуу бөлүнгүс укугун билдирет.

2. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууда бул кагаздардын эмитенти төмөнкүлөргө укугу жок:

1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга пайыздарды төлөп берүүгө;

2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга баалуу кагаздар боюнча кирешени кепилдөөгө.

3. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон, мыйзамда тыюу салынган иштерди финансылоого жумшалбашы керек.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-36)  
Кийинки берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-362)
