# 34-берене. Эмитенттин ачык компания статусунан чыгуусунун натыйжалары

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 34-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-34

---

1. Баалуу кагаздардын эмитентине жана башка жактарга, анын ичинде баалуу кагаздардын ээлери эмитент тарабынан ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө же ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган же ачык компания сот тарабынан төлөөгө жөндөмсүз деп табылган күндөн тартып баалуу кагаздарды ачык сунуштоого тыюу салынат.

2. Ачык компания статусунан чыгуу жөнүндө эмитент чечим кабыл алгандыгына байланыштуу ачык компания болбой калган баалуу кагаздар эмитенти мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдын ичинде маалыматты ушул Мыйзамда ачык компанияга карата белгиленген тартипте жана көлөмдө ачыкка чыгарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-35)
