# 32-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону ишке ашырбаган, баалуу кагаздарынын ээлеринин саны 50гө чейин жана андан ашуунга көйбөгөн эмитенттин милдеттенмеси

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 32-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-32

---

1. Ачык компания катары саналбаган эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин саны 50гө чейин көбөйгөн учурда, мындай эмитент төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) 5 күндүн ичинде аталган факты жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган кат жүзүндөгү маалымдаманы жөнөтүү аркылуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө:

- эмитенттин аталышы жана юридикалык дареги;

- 50гө жакын жана андан ашуун ээлик кылуучулар ээлеген баалуу кагаздардын түрү;

2) 6 айдын ичинде өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө.

Ачык компанияга карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды эмитент аткарганга чейин эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуштоого тыюу салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эмитенттин реестрин жүргүзүүчү көз карандысыз реестр кармоочу 5 жумушчу күндүн ичинде эмитентке жана баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган эмитенттин баалуу кагаздарына 50гө жакын жана андан ашуун баалуу кагаз ээлери ээлик кыларын билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-33)
