# 30-берене. Маалыматтардын ачылышы

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 09.08.2021 [Закон КР от 9 августа 2021 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бухгалтерского учета"](https://aqlex.ai/kg/doc/112270); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111771); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 30-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-30

---

1. Ачык компания болуп саналган эмитент маалыматтарды мезгили менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, курамына эмитенттин кварталдык финансылык отчету жана башка маалыматтар киргизилген маалыматтарды жылдык жана кварталдык отчеттор формасында ачууну жүзөгө ашырып туруусу керек.

Баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүзөгө ашырган же жүзөгө ашыруучу эмитент жылдык отчеттун алкагында баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте корпоративдик башкаруу кодексинин принциптеринин сакталышы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү.

2. Жылдык жана кварталдык отчеттун курамына киргизилген финансылык отчет бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалууга жана Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берилүүгө тийиш.

3. Жылдык отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- эмитенттин жылдык финансылык отчетун жана ага аудитордук корутунду;

- эмитент тарабынан мурда чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды;

- эмитент тарабынан отчеттук жыл ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды;

- эмитенттин акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалыматты;

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетин кармоочулардын тизмесин жана эмитенттин акцияларынын санындагы алардын үлүшүн;

- эмитенттин ар бир кызмат адамы жөнүндө маалыматтарды;

- эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасы, анын ичинде отчеттук мезгилде колдонулган же өзгөртүлгөн практикасы жөнүндө кыскача маалыматты;

- отчеттук мезгил үчүн эмитенттин ишмердиги жана финансылык жыйынтыктары жөнүндө жетекчинин отчетун, анын ичинде көз карандысыз директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айтылган ар түрдүү пикирлерин;

- жайгашкан жерин, негизги багытын, чарчы метрде аянтын жана жүктөнүмү бар, же болбосо жок экендигин көрсөтүү менен, кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу маалыматты;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматты.

4. Ар кварталдык отчет, отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

Ар кварталдык отчет, анын ичинде финансылык отчет жөнүндө кыскача маалымат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кварталдык отчет аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен, жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарында жарыяланышы керек. Ар кварталдык отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- эмитенттин отчеттук квартал үчүн финансылык отчетун;

- эмитенттин отчеттук квартал ичинде чыгарган бардык баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарды;

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетин кармаган акционерлердин тизмесин жана эмитенттин акционерлеринин санындагы алардын үлүшүн;

- отчеттук кварталда орун алган эмитенттин финансылык-чарбалык ишине таасир берген олуттуу фактылардын тизмесин;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтарды.

5. Жылдык отчет отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

Жылдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндалышы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жалпыга маалымдоонун басма сөз, же болбосо электрондук каражаттарына жарыяланышы керек.

6. Жылдык жана кварталдык отчеттун көчүрмөсү ар түрдүү кызыкдар адамга таанышуу үчүн ачык болушу керек, аларга отчеттун көчүрмөсү аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпаган акы алуу менен берилиши мүмкүн.

7. Эмитент анын баалуу кагаздарынын листингин жүргүзүүчү фондулук биржага төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

- отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен ар кварталдык отчеттун көчүрмөсүн;

- эмитенттин жылдык отчету ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен жылдык отчеттун көчүрмөсүн.

8. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кандай гана болбосун кызыкдар жактарга кварталдык жана жылдык отчеттун ачыктыгын камсыздоонун башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

9. Кварталдык отчет жана аны ачыкка чыгаруу жөнүндө маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук квартал аяктагандан кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

Жылдык отчет жана аны ачыкка чыгаруу жөнүндө маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитенттин ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. Банк ишин жүзөгө ашыруучу эмитент банк ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жогоруда аталган маалыматтардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы жөнүндө маалыматты ал жарыяланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө милдеттүү. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитенттин жылдык жана кварталдык отчетторун жарыялоого же башка бир жол менен адамдардын кеңири чөйрөсүнө алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга укуктуу.

Эл аралык финансы уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын аймагындагы баалуу кагаздардын эмитенттеринин ар кварталдык жана жылдык отчеттору алар бекитилген датадан кийин 35 календардык күндөн кечиктирилбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Ар кварталдык жана жылдык отчеттор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Отчетторду электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-31)
