# 27-берене. Аларды эмиссиялоодо баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 05.08.2013 [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 27-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-27

---

1. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда ишке ашырылган болуп эсептелет:

- ачык сунушталган бардык баалуу кагаздардын проспектте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде сатылып бүтүшү;

- проспектте баалуу кагаздардын сатылышы ачык сунуштун ишке ашырылгандыгын таануу үчүн зарыл болгон минималдуу саны көрсөтүлгөндө жана проспектте белгиленген мөөнөттө баалуу кагаздардын ушул минималдуу санынан кем эмеси сатылышы;

- андеррайтинг жөнүндө макулдашууга ылайык бул ачык сунуштун бардык баалуу кагаздары же проспектте белгиленген баалуу кагаздардын минималдуу санынын андеррайтерге же андеррайтерлерге сатылышы.

2. Баалуу кагаздардын ачык эмиссиясын жүргүзгөн эмитент баалуу кагаздарды сатып бүткөндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык сунуштардын жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.

Ачык сунуштун жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. Ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүүнүн тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо тууралу чечим кабыл алууга же баалуу кагаздардын ушул ачык сунушу жана баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.

Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күн өткөндөн кийин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ушул ачык сунушун ишке ашпаган деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.

4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон өткөргөн учурдан тартып эмитент 5 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөр аркылуу ачыкка чыгарууга милдеттүү:

- ачык сунуштардын жыйынтыгын жарыялоо;

- фондулук биржага билдирүү.

5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды эмиссиялоо учурунда колдонулбайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-28)
