# 25-берене. Баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча жазылуу арызы

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 25-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-25

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу (инвестор) инвестор баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын, проспектинин таанышкандан жана баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча жазылуу арызына инвестордун кол койгондон кийин гана кардар (инвестор) үчүн ачык сунушталган баалуу кагаздарды алышы мүмкүн.

Инвесторду арыз менен камсыздоо брокердик ишмердик жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна жүктөлөт.

2. Инвесторго берилүүчү баалуу кагаздарды сатып алууга жазылуу арызы төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

- ачык сунушталган баалуу кагаздардын рыноктук баасы;

- ачык сунушталган баалуу кагаздарды төлөө тартиби жана мөөнөтү;

- ушул баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер;

- эгер болсо, брокер жана инвестордун кызыкчылыктарынын каршылыгы;

- инвесторлордун маалымат алуу укугу;

- баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан башка маанилүү маалыматтар.

3. Ачык сунуштун объектиси чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары болуп эсептелсе, арыз чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишмердиги үчүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты камтышы керек.

4. Инвестор ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алууга макул болгон учурда баалуу кагаздарды жана проспектини ачык сунуштоо шарттарына ылайык инвестор баалуу кагаздарды сатып алууга жазылуу арызын толтурат жана ага кол коет. Мында инвестор арызда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн төлөм жүргүзөт.

5. Баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштырылган учурда ушул берененин жоболору колдонулбайт.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-26)
