# 23-берене. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышын токтотуу жана ачык сунуштардын шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2013 [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223424..1223425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 23-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-23

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ачык сунушталышын 1 айдан ашык эмес мөөнөткө токтото тура алат:

- проспекте жалган же адаштыруучу кандай болбосун маанилүү маалымат болгон учурда;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде баалуу кагаздарды сунуш кылуу шарты бузулганда;

- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо процессинде ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар бузулганда.

Убактылуу токтотуунун мөөнөтү бүткөндө жогоруда аталган бузуулар четтетилбеген учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды ачык сунуштоо болгон жок деп тааныйт жана ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.

2. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо токтотулган учурда, ачык сунуштоо токтотулган мөөнөттүн ичинде баалуу кагаздарды сунуштоого тыюу салынат.

3. Проспекти каттоо жокко чыгарылган учурда баалуу кагаздардын ачык сунуштарын жүргүзүүчү адамдар, баалуу кагаздарды андан ары сунуштоону токтотушу керек.

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-24)
