# 21-берене. Эксперттердин корутундулары жана отчеттору

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 21-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-21

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн тапшырылган проспектте эксперт (эксперттик уюм) даярдаган корутундуга же отчетко шилтеме бар болсо, ал төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:

- эксперттин квалификациясынын баяндамасы;

- эксперт (эксперттик уюм) баалуу кагаздардын эмитентинин аффилирленген же байланышы бар жагы экендиги жөнүндө маалымат.

2. Проспектке эксперттин (эксперттик уюмдун) проспектти корутунду же отчет менен кошо же ошол корутундуга же отчетко шилтеме жасап жарыялоого макулдугу тиркелүүгө, же проспектте эксперттин (эксперттик уюмдун) ага макулдугу жөнүндө айтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-22)
