# 2-берене. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 2-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-2

---

1. Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардан турат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-3)
