# 19-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 19-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-19

---

1. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары бардык шарттардын ачык жана жеткиликтүү баяндалышын камтыган документ болуп эсептелет, аларды аткарбоо баалуу кагаздардын эмиссиясын токтотууга алып келет.

2. Ачык сунуштоонун шарттарына карата талаптар:

- ачык сунуштоонун шарттарында ачык сунуштун жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү;

- ачык сунуштун шарттарында ачык сунушталып жаткан баалуу кагаздарга акы акчалай гана төлөнөөрүн көрсөтүү;

- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка шарттар.

3. Ачык сунуштоонун шарттары эмитенттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-20)
