# 18-берене. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата мамилелерди күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздарды ачык сунуштоого карата талаптар

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 18-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-18

---

1. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуштоо жана ушул ачык сунуштоонун проспекти Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндөн кийин гана чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн.

11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жүгүртүүгө уруксат берүү жол-жобосуна карата колдонулбайт, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында фондулук биржада гана төмөнкү шарттарда жүгүртүүгө жол берилет:

- алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптарга шайкеш келсе;

- алардын листинги Кыргыз Республикасынын фондулук биржасындагы эң жогорку жана андан кийинки категорияларына шайкеш келсе;

- алар экинчи рынокто чет өлкөлүк лицензияланган фондулук биржада (биржаларда) жүгүртүлсө.

Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуштоого жол берилген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын листингине карата минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын фондулук биржанын листингине киргизүү жөнүндө өтүнмө брокерлер, инвестициялык активдердин ишенимдүү башкаруучулары тарабынан берилиши мүмкүн.

2. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздары чет өлкөлүк эмитент төмөнкү шарттарды канааттандырса Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн:

- эмитент өзү резидент болгон өлкөдө юридикалык жак катары катталса жана өзү катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамына жараша ачык акционердик коомго барабар юридикалык статуска ээ болсо;

- эмитент Кыргыз Республикасында колдонуудагы фондулук биржанын листингине коюлчу талаптарды канааттандырса;

- эмитент баалуу кагаздар рыногунун брокердик жана/же дилердик иш жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда анын кызыкчылыгынын атынан чыгуу үчүн келишим түзсө;

- эмитент өзүнүн Кыргыз Республикасында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардын укуктарын эсепке алуу үчүн, баалуу кагаздар рыногунун депозитардык ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө.

3. Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ачык сунушталышына ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленгенден тышкары Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында Кыргыз Республикасында катталган эмитенттердин баалуу кагаздарынын ачык сунушталышына карата белгиленген талаптар коюлат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарын күбөлөндүргөн баалуу кагаздардын ачык сунуштоо ишке ашырылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына карата укуктарды күбөлөндүргөн баалуу кагаздарды чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. (КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-171)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-19)
