# 171-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111771)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111771); 05.08.2013 [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223429..1223430>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 171-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-171

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик каттоодон баш тартат:

- эгер эмитенттин баалуу кагаздарды ачык сунуштоону ишке ашыруусу баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келсе;

- ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтар баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбесе;

- документтерден анык эмес маалыматтар табылса.

2. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул тууралуу арыз ээсине мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себебин жана анын негизин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

3. Ачык сунуштоонун шарттары жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган баалуу кагаздар ачык сунушталбайт.

4. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоодон алар максатка ылайыктуу эмес деген жүйөө боюнча баш тартылышы мүмкүн эмес.

(КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-17)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-18)
