161-берене. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 3-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- арыз;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген проспект;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент мындай документти мурда бербесе);
- уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кошуу менен юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда мындай документтерди бербесе);
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө эмитент кабыл алган чечимди ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем жүзөгө ашырып жатса, аяктаган финансылык акыркы 3 жыл үчүн же аяктаган финансылык 2 жыл үчүн эмитенттин жылдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;
- берилген жылдык бухгалтердик отчеттуулукка карата аудитордун (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет) корутундусу;
- проспекти түзгөн учурга акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү;
- камсыз кылынган облигацияларды чыгарган учурда эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуунун бар экенин ырастоочу документтер.
- "жашыл", социалдык облигациялардын, туруктуу өнүгүү облигацияларынын жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигациялардын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана мындай облигацияларды чыгарууда туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык таанылган стандарттардын негизги принциптерине шайкештиги жөнүндө көз карандысыз эксперттин корутундусу.
11. Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана анын эмиссиясынын проспектин мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу, аларды жайгаштыруунун натыйжасында эмитент тарабынан алынган каражаттарды пайдалануу тартиби, эмиссиянын көлөмү, баалуу кагаздардын саны жана түрү, алардын номиналдык наркы, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктары жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин органынын чечиминин расмий тилдеги көчүрмөсү;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспекти;
- ачык сунуштоонун шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөгөндүгүн ырастоочу документ;
- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка документтер.
12. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоо органына электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө же болбосо баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
161-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 мая 2016 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах", "Об акционерных обществах", "О рынке ценных бумаг")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…2 жыл үчүн эмитенттин жылдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөсү;
- алынып салынды: берилүүчү кошулду: берилген жылдык бухгалтердик алынып салынды: отчетко кошулду: отчеттуулукка карата алынып салынды: аудитордук уюмдун (аудитордук уюмдун кошулду: аудитордун (аудиторлордун квалификациясына жана алынып салынды: кесипкөй компетенциясына кошулду: кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан … аткарылышын камсыз кылуунун бар экенин ырастоочу документтер.
кошулду: - "жашыл", социалдык облигациялардын, туруктуу өнүгүү облигацияларынын жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан облигациялардын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана мындай облигацияларды чыгарууда туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык таанылган стандарттардын негизги принциптерине шайкештиги жөнүндө көз карандысыз эксперттин корутундусу.
11. Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана анын эмиссиясынын проспектин мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
- арыз;
- баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу, аларды жайгаштыруунун натыйжасында эмитент тарабынан алынган каражаттарды пайдалануу тартиби, эмиссиянын көлөмү, баалуу кагаздардын саны жана түрү, алардын номиналдык наркы, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктары жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин органынын чечиминин расмий тилдеги көчүрмөсү;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспекти;
- ачык сунуштоонун шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөгөндүгүн ырастоочу документ;
- ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка документтер.
12. Ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоо органына электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу … сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө кошулду: же болбосо баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-161" title="161-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>