# 151-берене. Эл аралык облигациялардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 151-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-151

---

1. Эл аралык облигациялар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштырылат.

2. Эгерде эл аралык облигацияларды чыгаруу проспект же эмитент жана эл аралык облигациялар жөнүндө маалыматты камтыган башка документ менен коштолсо, анда анын мазмуну чет өлкөлүк биржанын эрежелерин жана колдонуудагы чет өлкөлүк мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен эмитент тарабынан өз каалоосу боюнча аныкталат.

3. Эл аралык облигациялар номиналдык нарктан төмөн баада жайгаштырылышы мүмкүн.

4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмитентинин эл аралык облигациялардын эмиссиясы жөнүндө кабарлоосунун формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Эл аралык облигацияларды жүгүртүүнүн жана аларга болгон укуктарды эсепке алуунун тартиби аларда камтылган шарттар жана эл аралык облигациялар жүгүртүлүп жаткан тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык облигациялар квалификациялуу инвесторлордун арасында гана ачык сунушталышы жана жүгүртүлүшү мүмкүн.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети катышуунун мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан Кыргыз Республикасынын эмитенттери - резиденттери тарабынан эл аралык облигацияларды чыгаруу үчүн өзгөчө талаптарды белгилейт.

8. Эл аралык облигациялар аларда камтылган шарттарда жана тандалып алынган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлат жана сатып алынат.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-15)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-16)
