# 15-берене. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышы

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2025 [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127); 05.08.2013 [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34591..34613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 15-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-15

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жолго салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздардын бул түрү боюнча жок дегенде бир проспект катталган шартта, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык облигациялардын эмиссиясы жана глобалдык депозитардык тил каттар учурларын кошпогондо, ачык компаниялардын баалуу кагаздары гана ачык сунушталышы мүмкүн.

2. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21. Эгерде эмитент ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектини каттатпаса, баалуу кагаздардын эмиссиясынын учурунда эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгаштыруу учурларын кошпогондо, баалуу кагаздарды ачык сунуштоого тыюу салынат.

3. Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ачык сунушталышы мүмкүн.

31. Эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда баалуу кагаздардын ушул түрү боюнча ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган, ошондой эле фондулук биржада листинг жол-жоболорунан өткөн шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталышы мүмкүн.

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

41. Ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган баалуу кагаздардын ачык эмиссиясында алар ачык сунуштоо шарттарында жана проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде, бирок баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып бир жылдан ашык эмес мезгилде ачык сунушталышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасында ачык сунушталган баалуу кагаздарды сатуу-сатып алуу боюнча бүтүмдөр фондулук биржа аркылуу гана жасалышы керек.

6. Кыргыз Республикасында ачык сунушталган баалуу кагаздарды жайгаштыруу ачык сунуш кылуу жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылган күндөн тартып кеминде 5 жумушчу күндөн кийин башталышы мүмкүн.

Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу сунуш кылуунун ордун көрсөтүп жарыялоо аркылуу ишке ашырылат, ал жерде каалаган жак баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттары жана проспекти менен тааныша алат. Баалуу кагаздардын ачык сунушталганы жөнүндө маалыматты ачууга карата кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгилениши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-14)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-151)
