# 12-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъектиге карата чара колдонуу укугу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2022 [Закон КР от 4 июля 2022 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов и судебной правовой реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112406); 07.07.2016 [Закон КР от 7 июля 2016 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/111379); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/203722)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223434..1223435>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 12-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-12

---

1. Жөнгө салынчу субъект Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнгө салынчу субъектке мыйзамдын бузулушун жоюу жөнүндө милдетүү түрдө аткарылчу эскертүү жиберүүгө, аталган субъектти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартууга жана төмөнкүдөй максаттарда соттук чечим алуу үчүн сот органына кайрылууга укуктуу.

- баалуу кагаздардын ээлеринин жана/же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын укуктарын коргоо үчүн;

- эгер башка жеке же юридикалык жакка зыян келтириши мүмкүн болсо, жөнгө салынчу субъекттин ар кандай активдерди төлөө, өткөрүп берүү, тескөө же кандайдыр бир башка жолдорду колдонуусун чектөө үчүн.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар рыногу боюнча мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузгандык фактылары аныкталганда, ошондой эле анык эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары төлөөгө жөндөмсүз болуп калышканда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аныкталган кемчиликтерди токтоосуз же белгиленген мөөнөттүн ичинде оңдоодо тиешелүү аткарылышы милдеттүү эскертүү (көрсөтмө) жиберүүгө;

2) өндүрүп алуу чараларын колдонууга;

3) аткарылышы милдеттүү болгон:

- финансылык оңдоо чараларын жүргүзүү;

- текшерилүүчүнүн каражатынын эсебинен аудит жүргүзүү талаптары менен кайрылууга;

4) инвестициялык фонд болуп эсептелген кесипкөй катышуучулардын активдерин сактоо максатында алты айлык мөөнөткө убактылуу администрацияны дайындоого;

5) үч айга чейин мөөнөткө лицензияны иштетүүнү убактылуу токтотууга;

6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүгө;

7) төлөөгө кудуретсиз болгон учурда банкроттук процессин баштоо үчүн сотко доо менен кайрылууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2016-жылдын 7-июлундагы № 100, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-13)
