# 11-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынчу субъекттерди текшерүү укугу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 11-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-11

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн кызматкерлерине жөнгө салынчу субъект Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун текшерүүгө ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

2. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

- жөнгө салынуучу субъекттин иш жайына жумуш убагында кирүүгө;

- жөнгө салынчу субъекттен документтерди жана текшерүүгө тиешелүү маалыматтарды талап кылууга;

- текшерилүүчү субъекттин жетекчилигине билдирүү менен документтерди текшерүүгө жана көчүрүп жазып алууга, ошондой эле текшерилчү документтердин көчүрмөлөрүн жасоого.

3. Жөнгө салынчу субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кызматкерди текшерүү жүргүзүү үчүн өз аймагына киргизүүгө;

- текшерүү жүргүзүүгө үчүн талап кылынган документтерди даярдоого;

- текшерүү жүргүзүү үчүн талап кылынган маалыматтарды берүүгө;

- кызматкерге текшерүүнүн жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө.

4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзөт.

5. Жөнгө салынчу субъект, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүгө байланышкан аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-12)
