# 10-берене. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жөнгө салынуучу субъекттерден маалымат суратып алуу укугу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 10-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-10

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жөнгө салынчу субъекттен ушул Мыйзамда тыюу салынбаган маалыматты берүүнү, суроо-талаптын себебин көрсөтүү менен талап кылынууга укуктуу.

2. Жазуу жүзүндө суроо-талапты алган жөнгө салынчу субъект маалымат берүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талапта суроонун себеби көрсөтүлбөгөн же талап кылынган маалымат ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укукту мамлекеттик органдын предмети болбогон учурлардан тышкары, маалымат берүү суроо-талабын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте аткарууга милдеттүү.

3. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жана жашырын маалыматты сактоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү.

4. Жөнгө салынуучу субъекттерден түшкөн маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ачыкка чыгарылууга же үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-11)
