# 1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу чөйрө

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=34613..34876>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 1-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-1

---

1. Ушул Мыйзам төмөндөгүлөр менен:

- баалуу кагаздардын ачык сунушталышы жана эмиссиясы;

- баалуу кагаздарга ээлик кылуу жана аны жүгүртүү;

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын ишмердиги;

- баалуу кагаздар рыногуна көзөмөл жүргүзүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам мамлекеттик баалуу кагаздардын, муниципалдык баалуу кагаздардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарынын эмиссиясын жөнгө салбайт.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды, муниципалдык баалуу кагаздарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын баалуу кагаздарын фондулук рынокто жүгүртүү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.

3. Кыргыз Республикасынын резидент эмес - эмитенттеринин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүү ушул Мыйзам жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары жана башка мыйзамдары менен жөнгө салынат.

4. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттарына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-2)
