# 9-берене. Соттун администратору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 9-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-9

---

1. Соттун администратору - бул тийиштүү жергиликтүү соттун аппаратынын кызматкери, ага сот арачысынын катышуусу менен соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлөт.

2. Тийиштүү жергиликтүү соттун администратору өз компетенциясынын чегинде:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунуш кылган жарандардын тизмесинин негизинде капилет тандоо методун жетекчиликке алуу менен алдын-ала жана биротоло тизмени түзөт;

2) так эместиктерди оңдойт, алдын-ала тизмеге, соттун чечиминин негизинде биротоло тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

3) сот арачысына талапкерлерге чакырык жөнөтөт, алардын келишине контролдук кылат;

4) зарыл материалдарды сотко өткөрөт.

3. Администратор өз ишинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген администратор жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алдын-ала тизмеге киргизилген сот арачысына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Соттун администраторунун сот арачыларынын тизмесин түзүү боюнча ишин уюштурууну жана контролдук кылууну тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасы жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-10)
