9-берене. Соттун администратору
Токтотулган · 19.02.2025 редакциясы · 2-глава
1. Соттун администратору - бул тийиштүү жергиликтүү соттун аппаратынын кызматкери, ага сот арачысынын катышуусу менен соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлөт.
2. Тийиштүү жергиликтүү соттун администратору өз компетенциясынын чегинде:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунуш кылган жарандардын тизмесинин негизинде капилет тандоо методун жетекчиликке алуу менен алдын-ала жана биротоло тизмени түзөт;
2) так эместиктерди оңдойт, алдын-ала тизмеге, соттун чечиминин негизинде биротоло тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
3) сот арачысына талапкерлерге чакырык жөнөтөт, алардын келишине контролдук кылат;
4) зарыл материалдарды сотко өткөрөт.
3. Администратор өз ишинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген администратор жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алдын-ала тизмеге киргизилген сот арачысына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Соттун администраторунун сот арачыларынын тизмесин түзүү боюнча ишин уюштурууну жана контролдук кылууну тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасы жүргүзөт.
Берененин тексти 19.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202673/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>