# 8-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 8-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-8

---

1. Тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары) экинчи жылдын 15-сентябрына чейин эки жылда бир жолу тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте туруктуу жашаган жарандардын тизмесин түзөт, көрсөтүлгөн тизмеге киргизилгендиги тууралуу жарандарга билдирүү жиберет жана аларга бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (Бишкек шаарынын райондорунун администрацияларына) сот арачысы болуудан баш тартуусу жөнүндө билдирүүсүн жөнөтүүнү сунуш кылат. Ошол эле учурда, эгерде тийиштүү баш тартууну жөнөтпөгөн учурда алар сот арачыларын тандап алууга катышуу үчүн соттун чакыруусу боюнча сотко келүүгө жана сот арачыларынын милдеттерин келечекте аткарууга милдеттүү болору жарандарга түшүндүрүлөт.

Сот арачысы болуу укугунан жазуу жүзүндө баш тартуусун жибербеген, сотко жүйөөлүү себептерсиз келбеген жарандар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат. Жоопкерчиликке тартуу жарандарды сотко келбөөсүнөн бошотпойт. Жарандардын аталган тизмесине (шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин фамилиясы, атасынын аты, дареги, байланыш телефондору) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары) тарабынан тизмени түзгөн учурда 25 курактан жаш эмес жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте туруктуу негизде жашаган адамдар кирет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келип түшкөн арыздарды эске алуу менен бирге жарандардын тизмесин түзүп бүткөндөн кийин, аталган тизмени 1-ноябрга чейин тийиштүү райондун мамлекеттик администрациясына берет.

Райондун мамлекеттик администрациясы аталган тизмени областтын тийиштүү мамлекеттик администрациясына 15-ноябрга чейин берет, ал болсо аларды 1-декабрга чейин тийиштүү райондор аралык сотторго берет. Бишкек шаарынын райондорунун администрациялары тизмени 15-ноябрга чейин шаардын мэриясына берет, ал аталган тизмени 1-декабрга чейин Бишкектеги райондор аралык сотко берет.

3. Сунуш кылынган тизменин негизинде соттун администратору соттун аппаратынын көмөктөшүүсү менен сот арачысына талапкерлердин алдын-ала тизмесин (мындан ары - алдын-ала тизме) капилет тандап алуу принцибинин негизинде түзөт, алдын-ала тизмеге киргизилген жарандарды маалымдайт, алардын ушул Мыйзамдын 7-беренесинин негиздери жок экенин текшерет, сот арачысына талапкерлер жөнүндө зарыл маалыматтарды талап кылат, зарыл болгон учурда сот арачысына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт, жаранды алдын-ала тизмеге киргизүү, чыгарып салуу жана сот арачылыгына талапкерлер жөнүндө ал тизмедеги так эмес маалыматтарды оңдоо жөнүндөгү келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыздарды карайт, алар боюнча токтом түрүндө чечим кабыл алат. Алдын-ала тизмеге кошулган жарандардын саны жүз талапкерден кем болбоого тийиш.

4. Соттун төрагасы алдын-ала тизмеге киргизилген сот арачыларына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын, ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарынын администратор тарабынан сакталышын текшерет жана сот арачыларына талапкерлердин биротоло тизмесин бекитет (мындан ары - биротоло тизмеси).

Жарандар биротоло тизмеге киргизүү же киргизбөө тууралу соттун төрагасынын чечими менен макул болбогондо же алар жөнүндө так эместиктерди оңдоодон баш тартканда, мындай чечимге сотко даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-9)
