# 5-берене. Сот арачыларын каржылык-материалдык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 5-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-5

---

1. Сот арачылары сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу учурунда ага ошол соттун судьясынын кызматтык айлык акысынын төрттөн үч бөлүгүнүн өлчөмүндө сот арачысынын сот адилеттигин жүргүзүүгө катышуу күндөрүнө теңдеш өлчөмдө сыйлык акы төлөнөт.

2. Сот арачысына, ошондой эле сот арачылардын талапкерине мыйзамда белгиленген тартипте иш-сапардык чыгымдар төлөнөт.

Сыйлык акы жана иш-сапардагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын Сот департаменти тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.

3. Жарандын сот арачысынын милдеттерин аткаргандыгын ырастаган соттун маалымкатынын негизинде жаран сот арачысынын милдеттерин аткаруу учурунда ага эмгек мыйзамында каралган кепилдиктер жана компенсациялар сакталат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-6)
