# 4-берене. Сот арачыларынын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 4-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-4

---

1. Сот арачысы сот адилеттигин жүргүзүү учурунда кол тийбестик укугуна ээ болот. Муну менен бирге сот арачысы кылмыш үстүнөн кармалган учурлардан тышкары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы, тинтилиши, жеке текшерилиши жана алып келиниши мүмкүн эмес.

Сот арачысы мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Сот арачысынын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык жайына, ал колдонгон транспортко жана кат-кабарларына, ага таандык мүлккө жана документтерге да жайылтылат.

3. Сот арачысына карата кылмыш-жаза иши Башкы прокурор же анын орун басарлары тарабынан козголушу мүмкүн.

4. Эч ким сот арачыларынан конкреттүү кылмыш-жаза иши боюнча отчет талап кылууга укуксуз.

5. Жаран сот арачысынын милдеттерин аткарып жаткан учурда жумуш берүүчү анын макулдугусуз аны иштен бошотууга же башка кызмат ордуна которууга укуксуз. Бул жобону бузгандыгы үчүн жумуш берүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

6. Сот арачысынын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу учуру эмгек стажын эсептөөдө эске алынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-5)
