4-берене. Сот арачыларынын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиги
Токтотулган · 19.02.2025 редакциясы · 1-глава
1. Сот арачысы сот адилеттигин жүргүзүү учурунда кол тийбестик укугуна ээ болот. Муну менен бирге сот арачысы кылмыш үстүнөн кармалган учурлардан тышкары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы, тинтилиши, жеке текшерилиши жана алып келиниши мүмкүн эмес.
Сот арачысы мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
2. Сот арачысынын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык жайына, ал колдонгон транспортко жана кат-кабарларына, ага таандык мүлккө жана документтерге да жайылтылат.
3. Сот арачысына карата кылмыш-жаза иши Башкы прокурор же анын орун басарлары тарабынан козголушу мүмкүн.
4. Эч ким сот арачыларынан конкреттүү кылмыш-жаза иши боюнча отчет талап кылууга укуксуз.
5. Жаран сот арачысынын милдеттерин аткарып жаткан учурда жумуш берүүчү анын макулдугусуз аны иштен бошотууга же башка кызмат ордуна которууга укуксуз. Бул жобону бузгандыгы үчүн жумуш берүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
6. Сот арачысынын сот адилеттигин жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу учуру эмгек стажын эсептөөдө эске алынат.
Берененин тексти 19.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202673/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>