# 12-берене. Сот арачысына талапкердин тизмесин түзүү үчүн маалымат берүү боюнча жетекчилердин жана кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 12-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-12

---

1. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери жана кызмат адамдары соттун администраторунун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча беш жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө сот арачысына талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлер боюнча зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Сот арачысына талапкерлердин тизмесин түзүү үчүн зарыл болгон маалыматты сотко бербей коюу, ошондой эле туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-13)
