# 10-берене. Жарандарды сот арачыларынын милдеттерин аткарууга тартуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202673)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 215 "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Токтотулган
- Редакциянын күнү: 19.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4062/edition/991922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202673/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө, 10-берене (19.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-10

---

1. Жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жазык иштерин кароо учурунда бир жылда кеминде бир жолу сот арачылардын милдеттерин аткаруу үчүн тартылат.

2. Сотко чакыртылган, бирок сот арачыларынын коллегиясынын курамына тандалып алынбаган сот арачысына талапкерлер башка соттук жыйналышка сот арачысы катары катышууга тартылышы мүмкүн.

3. Сот арачыларынын ыйгарым укуктары белгиленген тартипте төмөнкүдөй мазмундагы ант берген учурдан тартып башталат: "Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, өзүмдүн милдеттеримди ак ниет, адилеттүү жана калыс аткарууга, сотто каралган бардык далилдерге, жүйөөлөргө, соттолуучуну айыптаган, ошондой эле аны актаган иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү соттобостон өзүмдүн ички ынанымым жана абийирим боюнча чечүүгө ант берем.".

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202673/st-11)
