# КР Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы ПЖ № 5 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы ПЖ № 5 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9058/edition/445939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы ПЖ № 5 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Жарлыгы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202672

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы №16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 15-январы ПЖ № 5 Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана интеллектуалдык менчик системасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жобосу жана аны башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгү өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырылат;

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борборун каржылоо Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт;

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын салык түрүндө төлөөчү каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен каржыланат;

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө 1,8 коэффициент колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы:

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борбору жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жана Кыргызпатенттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шартын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;

- эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы ПЖ № 5 жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

| Коллегия ├────┤ Статс-катчы ├────┤ Авторлор кеңеши └────────────────┘ └───────────┬───────────┘ └──────────────────┘ | ээлеринин кеңеши Ойлоп табуучулар кеңеши Илимий техникалык кеңеш | Директор Директордун орун басары |  | Апелляциялык кеңеш Чектеш укуктар |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын борбордук аппараты |  |  |  |  |

Юридикалык жакты түзүү менен ведомстволук уюмдар:

| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду |  | "KG" улуттук домендик аймагын башкаруу борбору |  | Мамлекеттик патенттик-техни- калык китепканасы |
| --- | --- | --- | --- | --- |
