# 9-берене. Алкоголдук продукциянын түрлөрү

- Документ: [Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111616)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.06.2017 [Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111616); 11.04.2012 [Закон КР от 11 апреля 2012 года № 31 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203631)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669#diff=1276834..1276835>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4059/edition/1276829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202669/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 9-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-9

---

1. Алкоголдук продукцияга төмөнкүлөр кирет:

1) арактар жана өзгөчө арактар;

2) ликер-арак ичимдиктери;

3) шарап материалдары;

4) шараптар;

5) көбүрмө шараптар, шампандар;

6) шарап ичимдиктер;

7) коньяк;

8) бренди;

9) кальвадос;

10) пиво;

11) башка күчтүү алкогол ичимдиктер;

12) башка алкоголу аз ичимдиктер.

2. Арактар жана өзгөчө арактар - суу-спирт эритиндисин атайын адсорбент менен иштетип, ингредиенттерди кошуп же кошпой, андан соң чыпкалоодон өткөрүлгөн, кубаттуулугу 38,0; 40,0; 45,0; 50,0 жана 56,0 пайыз алкоголдук продукция.

3. Ликер-арак ичимдиктери - кубаттуулугу 6,0-60,0 пайыз, кант сиробун, эфир майларын, жүзүм шараптарын, коньяк, лимон кислотасын жана башка азык продуктуларды, ошондой эле спирт жана суу кошуп мөмө-жемиштерди жана жыпар жыттуу өсүмдүк чийки затты иштетүүдөн алынган ар кандай спирттүү ширелердин, морстордун, маңыздардын жана жыттуу спирттердин аралашмасынан турган алкоголдук ичимдиктер.

4. Шарап материалдары - шарап даярдоо же купаждоо үчүн арналган, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 1,5 пайыздан ашык, ачытылган же ачытуунун токтотуу ыкмасына карабастан же ачуу процессинде турган жүзүм ширеси, мөмө-жемиш сиробу.

5. Жүзүм шараптары - жүзүмдүн ширесин же маңызын (эзилген жүзүм) этил спиртин кошуп же кошпой спирттик ачытуунун натыйжасында алынган шараптар.

6. Мөмө-жемиш шараптары - кант жана этил спиртин кошуп же аларды кошпостон жаңы мөмө-жемиштердин ширесин спирттик ачытуу жолу менен жасалган шараптар.

7. Көбүрмө шараптар, шампан - иштетилген вино материалдарды бөтөлкөлөрдө, резервуарларда же басым алдындагы резервуар системасында кайталап ачытууда эндегендик көмүртектин кош кычкылына каныктырылып жасалган шарап.

8. Шарап ичимдиктери - кант, эмен концентратын, жыт-даам берүүчү табигый кошулмаларды, боеочу заттарды жана сууну, этил спиртин жана күчтүү шарап материалдарын кошуп жасалган, күчү 5,0дон 28,0 пайызга чейинки алкоголдук ичимдиктер, булардын негизин накта жүзүм жана шараптык мөмө-жемиштер же алардын концентраттары түзөт.

9. Коньяк - 3 жылдан кем эмес кордолгон коньяк спиртинен жасалган, өзгөчө жыты жана даамы бар күчтүү алкоголдук ичимдик.

10. Бренди - жумшартылган суу, кант сиробу, боек, эмен жыгачтын компоненттери кошулуп жүзүмдүн жана мөмө-жемиштердин спиртинен жасалган күчтүү алкоголдук ичимдик.

11. Кальвадос - кордолгон же жаш алма спиртинен эмен жыгачтын компоненттерин, суу жана кант кошуп жасалган күчтүү алкоголдук ичимдик.

12. Пиво - ачытылган угут ширесин же концентратын пивонун ачыткысын кошуп ачытуу жолу менен алынган, көмүртектин кош кычкылы менен каныккан, алкоголу аз көбүктөнгөн ичимдик.

121. Сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерге атайын багыттагы сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктер, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер кирет.

13. Башка күчтүү алкоголдук ичимдиктерге ром, виски, джин, бальзам жана этил спиртинин көлөмдүк саны 30 пайыз жана андан ашык ичимдиктер кирет.

14. Күчү аз башка алкоголдук ичимдиктерге спирттин көлөмдүк саны 9 пайыздан көп эмес алкоголдук ичимдиктер кирет.

(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 31, 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202669/st-10)
